Ссылки доступа

Экономика министрлиги бензиндин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү көздөйт


Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү майлоочу майдын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Министрлик көзөмөлдү дизелдик отун жана Аи-80, Аи-92 маркасындагы бензинге киргизүүнү көздөөдө. Баага болгон чек республикада өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда киргизилет жана 90 күнгө коюлат.

Токтом долбооруна ылайык, баа 20% өсүп кеткен учурда мамлекет майдын баасын өзү аныктайт. Министрлик учурда мындай кымбаттоо жок экенин билгилеген.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылган.

Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 56-57 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда алдаганча кымбаттады. Кээ бир жерлерде күйүүчү-майлоочу май саткан бекеттердин жабык турганы айтылып келет.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-ноябрда Москвага учуп кетти. Ал Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселени талкуулары айтылды.

XS
SM
MD
LG