Ссылки доступа

Бердымухамедов жээнин Тышкы экономикалык ишмердүүлүк банкынын төрага орун басары кылып дайындайт


Шамурат Режепов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жээни мамлекеттик Тышкы экономикалык ишмердүүлүк банкынын төрага орун басары кызматына дайындалат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Булактын айтымында, 36 жаштагы Шамурат Режеповду бул кызматка дайындоо маселеси "дээрлик чечилди".

"Режепов банктын төрага орун басары кызматына дээрлик дайындалды. Бул тууралуу расмий жарыялана элек, бирок президент мындай чечимди кабыл алып койгон. Бүгүнтөн тартып жаңы аткаминер үчүн иш бөлмө даярдалууда", — деп билдирди булак.

Шамурат Режепов түркмөн лидеринин эжеси Дурдынабат Режепованын уулу. Ал бул кызматка дайындалары тууралуу маалымат президент Тышкы экономикалык ишмердүүлүк банкына Түркмөнабад химиялык заводуна комбинацияланган минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча цех курууга Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) насыя тартуу ишин тапшыргандан кийин пайда болду.

Эркин басылмалардын маалыматына караганда, Шамурат Режепов бир тууганы Хажимурат менен бирге Түркмөнстандын химиялык өнөр жай тармагын көзөмөлдөйт. Быйыл октябрда Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP), Turkmen.news жана Gundogar басылмалары биргеликте жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө бир тууган Режеповдор чет өлкөлөрдө катталган фирмалар аркылуу Түркмөнстандын мамлекеттик химиялык ишканаларында өндүрүлгөн минералдык жер семирткичтерди сыртка экспорттой турганы белгиленген. Мындан тышкары журналисттер бир туугандардын бул бизнесине президент кол койгон жарлыктар менен токтомдор жардам бергенин аныктап чыгышкан.

Президент 16-ноябрда кол койгон токтомго ылайык, "Түркмөнхимия" мамлекеттик концерни БАЭден келе турган насыяны өздөштүрүү менен алектене турган Түркмөнстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүк банкы менен кредиттик келишимге кол коюшу керек болот. Азырынча Абу-Дабу өнүктүрүү фонду бөлө турган насыянын суммасы айтыла элек.

Быйыл июлда президент Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өлкөнүн вице-премьер-министри кызматына дайындаган. Бүгүнкү күндө 39 жаштагы кенже Бердымухамедов экономикалык, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча байланыш тармагын тейлеп жатат. Ал быйыл февраль айында эле социалдык маселелер жана санариптештирүү боюнча вице-премьер-министр жана Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы болуп иштей баштаган.

Видео

Видео

Сузак: балдарга англисче үйрөткөн индиялык студент
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00
XS
SM
MD
LG