Маалыматка караганда, Дубайда Умаровду Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы Ойбек Касимов менен комитеттин төрага орун басары Азизжон Камилов коштоп жүрөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек делегациясы 2025-жылы өтө турган Азиянын IV жаштар оюндарына даярдык көрүү тууралуу видеоролик көрсөтүштү.
Умаров 2-ноябрда КМШ, Балтика өлкөлөрүнүн жана Грузиянын Олимпиадалык комитеттеринин катышуусунда Ташкентте өткөн аймактык форумга барганы кабарланган. 24-октябрдагы президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү менен чогу добуш берүүгө келген. Буга чейин ал расмий иш-чараларга катыша элек болчу.
Отабек Умаров быйыл февралда Ташкентте болгон жол кырсыгынан катуу жабыркап, Москвада, андан соң Түштүк Кореяда дарыланып жатканы кабарланган.
Азырынча Умаров Өзбекстан президентинин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары кызматында дале иштеп жаткан-жатпаганы боюнча расмий маалымат жок.