Ссылки доступа

Алматыда келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан секирип, төртөө тең каза болду (видео)


Алматыда 28 жаштагы келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан секирип, баары тең каза болду. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Жетысу кичи районунда жашаган келин алты, беш жана эки жашар балдары менен тогузунчу кабаттан секирип кеткен. Жыйынтыгында келин менен эки баласы дароо каза болуп, бирөө тез жардам унаасында жан берген", - деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Маркумдун коңшулары жергиликтүү басылмаларга келин алгач үч баласын терезеден ыргытып, андан соң өзү секиргенин айтып беришкен.

Полиция окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн жана "Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү" беренеси боюнча тергөө иши башталганын билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, келиндин мындай кадамга баруусуна үй-бүлөсүндөгү жаңжал себеп болгон. Бул тууралуу ал өлүм алдында калтырып кеткен катта жазылган.

XS
SM
MD
LG