Ссылки доступа

Түркмөнстанда жарандар почта даректерин түркмөн тилинде гана толтурууга милдеттендирилди


Түркмөнстанда почта байланышы тууралуу мыйзам кабыл алынып, бардык тараптар почта даректерин түркмөн тилинде гана толтурууга милдеттендирилди. Бул тууралуу Turkmen.news сайты кабарлады.

"Түркмөнстандын ичинде кат жөнөтүүчү менен алуучунун почта даректери мамлекеттик тилде гана жазылышы керек. Өлкө сыртына жөнөтүлгөн каттар Дүйнөлүк почта союзунун актылары менен бекитиген тилде же кат бара турган өлкөнүн тилинде толтурулушу шарт", — деп жазылган мыйзамда.

2010-жылы кабыл алынган буга чейинки мыйзамда почта аркылуу жөнөтүлгөн каттардын толтурулушу көзөмөлдөнбөй, орусча толтурулган каттар да дарегине жетип келген.

Түркмөнстанда мамлекеттик тил — түркмөн тили. Орус тили эч кандай макамга ээ эмес. Өлкөдө орус тилдүү бир гана мектеп бар. Мындан тышкары Ашхабад шаарында жана облус борборлорунда орус класстары бар мектептер иштейт.

2020-жылы сентябрда Ашхабаддагы №64 мектептеги орус класстары жабылган. Буга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тынчсыздануусун билдирген. Бирок Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги тынчсызданууга эч кандай негиз жок экенин, орус класстар бир гана мектепте жоюлганын билдирип, буга мектептин макамы өзгөргөнү себеп болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG