Маалыматка караганда, маркум өлөрдүн алдында кат калтырып кеткен. Анда ал ата-энесинен жана командирлеринен кечирим сураган.
"Учурда бул факты боюнча тергөө башталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы жана жакындарынын өтүнүчү менен башка маалымат бере албайбыз", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Жамбыл облусуна караштуу Кордой районундагы Отар айылында Гвардиялык гарнизондун жоокери өзүн жүрөккө атып каза болгону тууралуу жаңылык күн мурун "Армия КЗ. Другая правда" аттуу telegram-каналга чыккан. Бирок көп өтпөй ал билдирүүнү өчүрүп коюшкан.