Ссылки доступа

Депортацияланган тажиктердин теңи Орусияга башка ысым менен кайткан


Орусиядан депортацияланган тажикстандык мигранттардын дээрлик жарымы жаңы ысым менен кайра кайтышкан. Алар мекенине келгенде паспортун жоготуп алганын билдирип, башка ысым менен жаңы документ алышат.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын («Озоди» радиосу) жаңы иликтөөcүндө айтылат.

2021-жылдын башында тажик жаранынын аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн кароо мөөнөтү мыйзам аркылуу үч эсе кыскартылган.

Тажикстандын Юстиция министрлигинин статистикасына караганда, 2014-жылдан бери 235 миң адам аты-жөнүн өзгөрткөн. Бул үчүн алар жалпы 31 миллион доллар өкмөткө төлөшкөн. Юстиция министри муну тажик аткаминерлери орусча үлгүдөгү фамилиядан баш тартып жатканы менен түшүндүрдү. Тажикстанда расмий 19 миң аткаминер бар.

Ал эми Эмгек министрлигине караштуу Миграция кызматынан билдиришкендей, жарандардын аты-жөнүн жапырт алмаштыруусу Орусиядагы миграцияга байланыштуу. Кызматтын өкүлүнүн маалыматына караганда, мындай тенденция болжол менен 14 жыл мурда, орус бийлиги ар кандай мыйзам бузуулар үчүн мигранттарды депортациялай баштаганда күч алган.

Миграциялык кызмат 2020-жылдын соңуна чейин Орусиядан 272 миң адам депортация болгонун маалымдады.

Иликтөөгө таянсак, айрым жарандар соңку 5-6 жылда документтерин төрт жолу алмаштырган учурлар болгон. Укук коргоочу Каримжон Еровдун айтымында, кээ бир мигранттар жаңы документ алуу үчүн 500 доллар пара берген учурлар бар.

XS
SM
MD
LG