Ссылки доступа

Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу соттолгон юристти дагы жети жылга эркинен ажыратууну суроодо


Бохтар шаарынын прокурору (Хатлон облусу) соттолгон адвокат жана мурдагы сот аткаруучу Саиднуриддин Шамсиддиновду дагы 7 жылга эркинен ажыратууну сурады. 

Бийлик Шамсиддиновду өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Группа 24” менен кызматташууга айыптоодо. Соттолгон адвокаттын туугандары айыптоолорду четке кагышууда. Буга чейин “Группа 24түн” жетекчилиги Саиднуриддин Шамсиддинов менен топтун эч кандай байланышы жок экенин кабарлаган.

“22-ноябрда судья соттолгон Шамсиддиновго жаңы өкүм чыгармак. Бирок мамлекеттик айыптоочу ооруп калганына байланыштуу сот жараяны башка убакытка жылды”, - деди “Озодинин” Бохтар шаардык сотундагы өз булагы.

Саиднуриддин Шамсиддинов 2020-жылдын аягында Тажикстандын Кылмыш кодексинин жети беренеси боюнча, анын ичинде мыйзамсыз жер келишимин түзүү, алдамчылык жана жалган маалымат таратуу айыбы менен соттолгон.

Тажикстанда 2012-жылы түзүлгөн “Группа 24” тобу Жогорку соттун чечими менен экстремисттик уюм катары таанылган. Топтун лидерлери жана анын тарапташтары саясий чечим кабыл алынганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG