Ссылки доступа

Алматы полициясы камактагы бизнесмендин рейдерлик жөнүндө айтып чыккан аялын сотко берди


Алматы полициясы камакка алынган ишкер Алмас Абдыгаппаровдун жубайы Ольга Абдыгаппарованы сотко бергенин билдирди. Ал күйөөсү кармалгандан кийин полиция жетекчилигин опузалап акча талап кылууга жана рейдерликке айыптаган.

Жергиликтүү Parmigiano Group ресторандар түйүнү менен Esentai City турак жай району долбоорунун негиздөөчүсү Алмас Абдыгаппаров 24-июлда кыймылсыз мүлк сатуу келишимдерине байланыштуу 420 миллион теңге (ошол кездеги курс боюнча бир миллион доллар) уурдоо шеги менен кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камоо чечимин чыгарган.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, Абдыгаппаровго каршы AV Construction курулуш компаниясынын жетекчиси арыз жазган. Шектүү ал жерде директордун орун басары болгон.

Өткөн айда бизнесмендин аялы Ольга Абдыгаппарова Instagram социалдык түйүнү аркылуу президент Касым-Жомарт Токаевге видеокайрылуу жолдоп, Алматынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов менен анын орун басары Рустам Абдрахмановду мыйзамсыз иштерге айыптаган.

Абдыгаппарованын айтымында, күйөөсү кармалгандан кийин полиция бөлүмүндө андан камактан чыгаруу үчүн 4,5 миллион доллар пара талап кылышкан.

"Алмас бул шартты аткаруудан баш тарткан. Ошондон кийин Алматы полиция департаментинин жетекчилиги прокуратура органдарынын жана соттордун жардамы менен опузаларын ишке ашырып, жолдошумду эки айга камакка алышты. Бул аралыкта мага жана Алмастын ата-энесине абдан чоң психиологиялык кысым көрсөтүлдү", - деп билдирген Абдыгаппарова.

Ал күйөөсүнүн бизнесин рейдерлик менен басып алуу жүрүп жатканын билдирген.

Полиция департаменти Абдыгаппарованын опузалап акча талап кылуу жана рейдерлик жөнүндө билдирүүсүн "абсурд жана чындыкка дал келбестик" катары сыпаттап, ар-намысын коргоо үчүн сотко кайрыларын кабарлаган.

20дан ашуун ресторандар түйүнүнүн жана мейманкананын негиздөөчүсү Абдыгаппаров кармалгандан кийин жергиликтүү бизнес коомчулугу жеке менчикти бөлүштүрүү аракети жүрүп жатканын айтып чыккан. Ишкерлер соцтрамактарда бизнесменди колдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG