Ссылки доступа

Казакстан: комиссия "Абай" шахтасындагы кырсыкка жумуш берүүчүнү күнөөлүү деп тапты


Казакстандын Караганда облусунда алты кенчинин өмүрүн алган "Абай" шахтасындагы кырсыктын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильиндин айтымында, комиссия кырсыкка жумуш берүүчү "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы 100% күнөөлүү экенин аныктаган.

"Азыр 64 киши, анын ичинде шахтанын жетекчиси жана техникалык коопсуздук боюнча башкы инженери күбө катары суралып, тергөө жүрүүдө. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча актылар тергөө органдарына өткөрүлүп берилип, анын жүрүшүндө кырсыкка күнөөлүү адамдар аныкталат. Жумуш берүүчү бардык дооматтар менен макул болду", - деп билдирди министр.

Анын айтымында, кырсык болгон 7-ноябрь күнү бургулоо иштери жүргүзүлгөн эмес, техникалык алмаштыруу иштери гана аткарылган. Метандын деңгээли 6-ноябрда байкалган эмес. Аппараттар эртеси эртең менен - жумушчулар ишке киришкенден кийин гана коңгуроо кагышкан. Ал күнү сыртка чыккан тоо тектеринин массасы 200 тоннага, метан газынын көлөмү 8000 куб метрге чейин жеткен. Метандын жарылуусунан алты кенчи каза болуп, экөө жаракат алган. Министрдин айтымында, нөөмөтчү диспетчер электр энергиясын өз убагында өчүрүп, эвакуация жүргүзүлгөндүктөн, башка жумушчулар аман калышкан. Өкмөт кесиптештерин куткарып калган диспетчерге сыйлык берүүнү көздөөдө.

Мамлекеттик комиссия мындан тышкары шахтада жумушчулардын жетишсиздигин, шахтада геологиялык текшерүүлөр толук жүргүзүлбөгөнүн, техникалар өз убагында жаңыланбаганын аныктаган. Бирок министр бул фактылар кырсыкка себеп болбогонун белгиледи.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында "АрселорМиттал Темиртауга" жаңы технологияларды киргизүү сунушталды. Учурда "Абай" шахтасында иш токтоп турат. Дегазациядан кийин анда иш уланып же биротоло токтотулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG