Ссылки доступа

Үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандардын ата-энелик укугун чектөө сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко менен Аида Касымалиева үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатышат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн парламенттин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунда Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын турак жайга болгон менчик укугуна карабастан, аны үйдөн чыгарууну караштыруу сунушу жазылган. Мындан тышкары документте Үй-бүлөлүк кодекске ата-эненин бирөө экинчисине же балага карата зомбулук көрсөтсө, анын ата-энелик укугун чектөөгө жол ачкан норманы киргизүү сунушталууда.

Депутаттар ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук кылган адамга коргоо ордерин берүүнүн шарттарын өзгөртүп, берилген ордер үч күндүн ичинде узартылышы керек деген азыркы мыйзамдагы норманы жокко чыгарууну сунуштап жатышат. Парламентарийлер берилген ордер узартылбай тургандыгын жана мурдагыдай зомбулук көрсөткөн адам менен жабырлануучунун байланышуусуна гана тыюу салынбастан, алардын жашаган жеринде бирге болуусуна, ошондой эле зомбулук көрсөткөн адамдын жабырлануучу жашаган, иштеген жана көп барган жерлерге жакындоосуна тыюу салына тургандыгын жазышкан.

Мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча ыйгарым укуктарына окуя болгон жерге барганда тобокелчиликтерди баалоо протоколун түзүү тууралуу норманы да кошуу сунушталууда. Бул баалоонун методикасын Министрлер кабинети аныкташы керек болот.

Мындан тышкары документте аксакалдар сотунун үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу ыйгарым укуктарын жокко чыгарып, аны пробация жана жазаларды аткаруу органдарына берүү сунушталууда.

"Аксакалдар сотунун үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого катышуусу анын натыйжалуулугун төмөндөтүүдө. Анткени ал соттордун гендердик стереотиптердин таасирине кабылган мүчөлөрү үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчиликти жабырлануучуга оодарып, аларды басмырлап келишет", - деп жазылган документте.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 9 миң 25 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталып, алардын 947си сотко чейин жеткен. 2021-жылдын башынан бери 7 665 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган.

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталып, 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG