Маалыматка караганда, завод жергиликтүү ишкер Салим Мирзоевге таандык. Райондук администрациянын өкүлү өрт учурунда бир тоннадан ашуун пахта күйүп кеткенин билдирди.
Окуя болгон жерге 20 өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлдү, жалпысынан 400 чарчы метр жер өрттөндү.
Өрт эмне себептен пайда болгону азырынча белгисиз.