Ссылки доступа

Декабрда кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекет убактылуу жабылат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Өзбекстан-Автодорожный" жана “Кызыл-Кыя-Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө бекеттери 1-3-декабрь аралыгында жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат.

Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары "Достук-автодорожный" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып "Кызыл-Кыя-Автодорожный" жана "Өзбекстан-Автодорожный" жолдору штаттык режимде иштеп баштайт.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG