Ссылки доступа

Москва мэри Собянин коммуналдык кызматтардагы мигранттардын санын кыскартууну тапшырды


Москва мэри Сергей Собянин райондук коммуналдык кызматтарда мигранттардын санын кыскартууну тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Собяниндин билдиришинче, ири коммуналдык ишканаларда мигранттар дээрлик калган жок.

"Калаадагы ири коммуналдык ишканаларда мигранттар жок десек да болот. Алар райондордо, аз маянага кара жумуш иштеген жерлерде гана калды. Аларды да алмаштыра турган резервдер бар", - деди Москва мэри.

Бир апта мурун Собянин Москвада курулушта иштеген мигранттарды аймактардагы жергиликтүү тургундар менен алмаштырууну тапшырган. Ал курулушта жогорку адискөйлөргө төлөнгөн 120-150 миң рубль маяна мигранттар үчүн көп экенин айткан.

1-ноябрда шаар куруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр Андрей Бочкарев Москва мэриясы шаардагы курулуштарда иштеген чет өлкөлүк жумушчулардан баш тартууну пландап жатканын айткан.

Сентябрда Москванын бийлиги шаарда 200 миңге жакын чет өлкөлүк жумушчу жетишпей жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG