Кытай былтыртан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу темир жол аркылуу ташылган буудай, түстүү металл сыяктуу чийки заттарды кабыл албай келет. Казакстандык жеткирүүчүлөр мунун айынан миллиондогон чыгым көрүп жатканын айтышууда.
Кытай мындан тышкары автоунаа аркылуу жүк ташууга да чектөө койгон. Ноябрдын башында Казакстандын Каржы министрлигинин киреше комитети Кытай менен чек арадагы “Нурлуу жол” бажы бекетинде 10 миңден ашуун жүк ташуучу унаа кезек күтүп жатканын маалымдаган.