Ссылки доступа

Президент 110 миң аз камсыз үй-бүлө үчүн электр тарифин 50 тыйынга төмөндөтүүнү тапшырды


Өлкөдө 1-январдан баштап аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр кубатынын тарифинин 1 кВт/сааты 77 тыйындан 50 тыйынга төмөндөшү керек.

Мындай тапшырманы 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров берди. Буга чейин өлкө башчы энергетика тармагын тарифтерди көтөрбөй туруп өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин айтып, бааны төмөндөтүүнү жактагандарды популизмге айыптаган.

Президент Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнө: “Аз камсыз үй-бүлөлөргө көңүл буруу керек. Баары кымбаттады, бизде 110 миң 518 жакыр үй-бүлө бар, аларга жардам көрсөтүлүшү керек. Аларга оор болуп жатат. Ошондуктан 1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер”, - деп кайрылды.

Президент тартифти төмөндөтүүнү өлкөдө электр каатчылыгы курчуп турган маалда тапшырды. 18-ноябрга карата Токтогул ГЭСинде 11 миллиард 100 миллион куб метр суу болгон. Бул соңку жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч. Токтогулда суунун көлөмү 6 миллиард кубдан азайып кете турган болсо, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Бул арада электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басылып жатат.

XS
SM
MD
LG