Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда акция катышуучулары ыргыткан таштан парламент депутаты жаракат алды


Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокурору Парвиз Орифзода 28-ноябрда "Бадахшон" телеканалынын эфиринде сүйлөп, Хорог шаарындагы нааразылык акциянын катышуучулары облус төрагасына жана администрация өкүлдөрүнө кол салып, жыйынтыгында парламент депутаты Азиз Гиёзода "оор жаракат алганын" билдирди.

"Озоди" радиосунун Хорог шаарындагы булактары парламент депутаты жаракат алганын ырасташты. "Гиёзода 27-ноябрда облустук акимчиликтин өкүлдөрү менен чогуу акция катышуучуларынын алдына чыккан. Ошол маалда облус башчысына таш ыргытылып, Гиёзода да жаракат алган. Буга жооп катары ок атылды", - деп билдирди радионун булагы.

Буга чейин Бадахшандагы жарандык коом өкүлдөрү 27-ноябрда Хорогдун борбордук аянтында атылган октон бир нече киши жаракат алганын билдиришкен. Айрым маалыматтар боюнча анда төрт киши жарадар болгон. Бирок облус прокурору телеканалдын эфириндеги сөзүндө акция катышуучуларынын арасында жаракат алгандар бар экени тууралуу эч нерсе айткан жок. Орифзода аянтта ок атылганын ырастап, ал "эскертүү иретинде асманга атылганын" белгиледи.

"Ишемби күнү Хорог шаарында болгон окуялар боюнча "Бийлик өкүлүнө баш ийбөө", "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Бейбаштык" жана "Атайылап адамдын саламаттыгына зыян келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголду", - деди облус прокурору.

25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, айылдын тургуну Гүлбиддин Зиебеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адам Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиебековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. Алар маркумдун сөөгүн жергиликтүү акимчиликтин алдына алып барышкан.

Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Гүлбиддин Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктады. Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына тапанчадан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылат.

Зиебековдун жакындары ал күч органдарына каршылык көрсөткөн деген маалыматты четке кагууда. Күбөлөрдүн бири анын башына ок тийип, Шохдардан Хорогго бараткан жолдо каза болгонун айтты.

Тоолуу Бадахшан облустук прокуратурасы тараткан билдирүүдө Зиебеков кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге 2020-жылдын 1-февралында райондук прокурордун жардамчысын барымтага алып, сегиз саат бою кыйнаганы белгиленген.

25-ноябрда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан бир нече адам жаракат алып, үч адам каза болгону кабарланган. Мындан тышкары укук коргоо органдарынын беш кызматкери жараат алган.

Тургундар болсо ондогон киши жарадар болгонун айтып жатышат. Бийлик тараптан маалымат тактала элек.

XS
SM
MD
LG