Ссылки доступа

Казакстанда активисттер Арон Атабектин өлүмү үчүн бийликти айыптап, анын ишин кайра кароону талап кылышты


28-ноябрда Алматы шаарында "Ойгон, Казакстан" деп аталган жаштар кыймылынын активисттери өткөн жумада каза болгон диссидент-акын Арон Атабекти эскерүү акциясын өткөрүштү.

Алар акындын ырларын окуп, Арон Атабек 18 жылга соттолгон "Шанырак ишин" кайрадан карап чыгууну талап кылышты. Акцияга маркум акындын кызы Айдана Айдархан жана "Нур Отан" партиясын сындаганы үчүн куугунтукка кабылган активист Альнур Ильяшев да катышты.

Чогулгандарга акимчиликтин өкүлдөрү келип, алардын бул иш-чарасы мыйзамсыз экенин эскертишти.

"Oyan, Qazaqstan'дын мүчөлөрү акындын өлүмү үчүн жоопкерчилик толугу менен бийликте деп эсептейбиз. Алар Аронго карата мыйзамсыз сот өкүмүн чыгартып, аны абакка камашты. Атабектин саламаттыгы начарлап, каза болгону ошолордун абийиринде. Акын өмүрүнүн аягына чейин өз принциптеринен тайган жок. Ал мунапыска макул болбой, бир да жолу Назарбаевден кечирим сураган жок. Биз үчүн ал мурдагыдай эле өлбөс казак самурайы бойдон калды", - деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.

68 жаштагы диссидент-акын Арон Атабек 24-ноябрда Алматыдагы ооруканада каза болуп, 26-ноябрда сөөгү жерге берилген.

"Шанырак окуясы" боюнча соттолуп, 15 жыл абакта отурган акын ден соолугуна байланыштуу 1-октябрда бошотулган. Атабек өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, толук актоону талап кылып келген.

Акын эркиндикке чыккандан кийин бир топ активисттер жана саясатчылар аны коргоо комитетин түзүп, эл аралык сотко кайрылып, Арон Атабектин ишин кайра кароого аракет кылаарын билдиришкен. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана жергиликтүү активисттер анын өлүмүнө бийликти күнөөлөп, түшүндүрмө берүүнү талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG