Ссылки доступа

Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өттү


Экономикалык кызматташтык уюмунун XV саммитинин катышуучулары. 28-ноябрь 2021-жыл. Ашхабад шаары
Экономикалык кызматташтык уюмунун XV саммитинин катышуучулары. 28-ноябрь 2021-жыл. Ашхабад шаары

28-ноябрда Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) XV саммити өттү.

Ага Кыргызстандын, Азербайжандын, Ирандын, Пакистандын, Тажикстандын, Түркиянын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышты. Казакстандын атынан иш-чарага өлкөнүн премьер-министри барды. Саммитте күн тартибиндеги негизги темалардын бири катары Ооганстандагы кырдаал талкууланганына карабастан, ага бул өлкөдөн эч ким катышкан жок.

27-ноябрда Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны да өткөн.

Түркмөнстандын президенти ишемби жана жекшемби күндөрү саммитке катышуу үчүн келген мамлекет башчылары менен жолукту. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда эки тараптуу алака-катышты, буга чейин кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Садыр Жапаров Түркмөнстанга ушул жылдын июнь айында расмий сапар менен барып, Бердымухамедов баштаган өлкө жетекчилери менен жолуккан. Анда тараптар биргелешкен бизнес-долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү, күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашкан.

Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы Түркия, Иран жана Пакистан өлкөлөрүнүн катышуусунда түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.

XS
SM
MD
LG