Ссылки доступа

Өзбекстанда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду


Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин социалдык тармактарда 13 жаштагы кыздын 26 жумалык боюнда бар экени тууралуу кабар тараган.

Жергиликтүү телеканалдардын бири билдиргендей, укук коргоо органдары өспүрүмдүн өгөй атасын кармашты. Айың кептерге караганда, ал кызды эки жыл бою зордуктап келген.

Кыз укук коргоо органдарына аны апасы менен беш жылдан бери жарандык никеде жашаган күйөөсү азгырганын айткан. Ошол эле маалда мектепте кыз классташтарына өгөй атасы аны 11 жаштан бери зордуктап келгенин жана буга чейин да кош бойлуу болгонун айтып бергени жөнүндө сөз тарады. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Кызды зордуктоого шектелген кишиге карата Кылмыш кодексинин "16 жашка жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Видео

Видео

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
XS
SM
MD
LG