Ссылки доступа

Алматыда Кытай элчилигинин алдына митингге чыккандар кармалды


Бүгүн, 29-ноябрда Алматыдагы Кытай консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган алты киши кармалды. Аларды полициянын атайын автобусуна отургузуп жаткан учур тартылган сүрөттү активист Байболат Күнболатулы "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялады.

Кармалгандардын бири Гүлпия Казыбектин айтымында, полиция аны менен кошо Халида Акытхан, Жамиля Макен, Гаухар Курманалиева, Нурзат Ермекбай жана Байболат Күнболатулыны алып кетти.

– Алар күч колдонгондо колум кайрылып калды. Баш бармагым катуу ооруп жатат. Медеу райондук ички иштер башкармалыгынын имаратына дарыгерлерди чакырттык, – деди Гүлпия Казыбек.

Полиция кармалгандардын телефондорун алып койгон.

Кытайдагы туугандарын бошотууну талап кылган жарандар быйыл февраль айынан бери нааразылык акцияларын уюштуруп келишет. Негизинен алар Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында митинг өткөрүп жатышат. Нааразылыкка чыккандар бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылып, камакка алынышты. Алардын айтымында, айып пулдун жалпы көлөмү тогуз миң долларга чамалады.

Бул убакыт аралыгында Кытайдын дипломатиялык миссиясынан бир дагы киши алар менен жолуккан жок. Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо мартта Шинжаңда кармалгандар кытай жарандары экенин жана алар Кытай мыйзамдарын бузганын билдирген. Казакстандын тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы абалды Кытайдын ички иши деп атаган. Бээжин Нур-Султандын эң ири инвесторлорунун жана насыячыларынын бири.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулман "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG