Ссылки доступа

Ташкентте жатаканадагы өрттөн 18 киши жабыркады


29-ноябрда Ташкенттин Сергели районунда ун чыгарган "Узмилл" компаниясынын жатаканасында өрт чыкты.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя 29-ноябрь күнү таңга маал болгонун, куткаруучулар бригадасы өрттү толугу менен жарым саат ичинде өчүрүп бүтүшкөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, өрт чыккан маалда имаратта 43 жумушчу болгон. Алардын 18и ар кандай деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жеткирилди. Ушул тапта курмандыктар жөнүндө маалымат жок.

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн Ташкент прокурорунун орун басарынын жетекчилиги алдында ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, газ куурундагы мүчүлүштүктөрдөн улам имараттын ичи иске толуп, жарылуу болгон.

XS
SM
MD
LG