Ссылки доступа

Тажикстанда жарым тонна маңзат аткезчилигине айыпталгандар соттолду


Тажикстандын Жогорку соту жарым тонна маңзат аткезчилигине айыпталган Душанбе шаарынын жашоочусу Азизулло Абдуллоевди 30 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарды.

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун башка беш мүчөсү 19 жылдан 28 жылга чейин түрмөгө кесилди.

Кармалгандарга карата “ири өлчөмдөгү маңзатты мыйзамсыз жүгүртүү”, “аткезчилик”, “арам акчаны адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Тажикстан Жогорку сотундагы өз булак Абдуллоев жана ал жетектеген топтун мүчөлөрүнө карата өкүм 25-ноябрда чыкканын кабарлады.

Азизулло Абдуллоевдин эжеси Гавхар Саидова сот өкүмүнө нааразы экенин билдирип, кассациялык инстанцияга даттана турганын айтты. Анын билдиришинче, соттолуучулардын туугандары сот отурумуна киргизилген эмес.

“Судья бардык мүлктү конфискациялоо менен аёосуз чечим чыгарды. Агамдын үй-бүлөсүнө эч нерсе калтырган жок”, - деди ал.

Буга чейин Душанбе шаардык милициясы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык алты кымбат баалуу автоунааны жана жалпы наркы 5 млн долларга жакын кыймылсыз мүлктү камакка алган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 13-октябрда трансулуттук кылмыштуу түйүн көп убакыттан бери Ооганстан маңзатын Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европага жөнөтүп турганын кабарлаган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн наркы 6 миллион доллардан ашык 473 килограмм маңзат, анын ичинен 79 килограмм героин алынган.

XS
SM
MD
LG