Археологдордун айтымында, Фархор районундагы Чилтанбобо көрүстөнүнүн аймагынан табылган чоң сөйкөгө окшогон буюм биздин заманга чейинки IV-III кылымдарга таандык.
"Бул табылга биздин заманга чейинки миңдеген жылдар мурун жашаган адамдардын турмушу, дини жана салт-санаасы тууралуу көптөгөн маалыматтарды бериши мүмкүн. Азырынча анын эмне экени так белгисиз, аныктоо иштери уланууда", — деди Фархордогу жергиликтүү музейдин директору Азизулло Муродов.
Фархор районундагы Уртабуз деген жерде археологиялык казуу иштери 2013-жылдан бери уланып келет. Тогуз жылдын ичинде ал жерден ондогон буюмдар жана байыркы адамдардын сөөктөрүнүн калдыктары табылган. Тарыхчылар бул табылгалар аймакта миңдеген жылдар мурда эле адамдар жашаганынын далили экенин айтып келишет.
Бүгүнкү күндө Фархор районунда 52 тарыхый объект катталган. Алардын эң ириси болуп 70 гектар аянтты ээлеген тарыхый Золи Зар чеби эсептелет.