Ссылки доступа

Өзбекстанда нааразылык билдирип чыккан айдоочуларга каршы "газ баллондору" колдонулду


Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Чиракчи районунда "кара беткапчан" адамдар нааразылык акциясына чыккан жарандарга каршы "газ колдонгон". Бул учур тартылган видеотасма 27-ноябрда социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул күнү аймактагы МАИ кызматкерлери "кара беткапчан" адамдар менен чогуу рейд өткөрүп, "эреже бузган да, бузбаган да" айдоочулардын унааларын айып төлөө жайына киргизишкен. Буга нааразы болгон айдоочулар МАИ бекетинин алдына топтолушкан. Көп өтпөй алардын жанына "кара беткапчан" эки киши барып, чогулгандарга каршы газ баллондорун колдонушкан. Ал жерде тургандардын баарынын деми кыстыгып, бир аял өзүн жаман сезгендиктен тез жардам кызматы чакырылган.

Интернетке жарыяланган видеодон "кара беткапчан" эки киши нааразылык билдирип жаткан айдоочулардын автоунааларын союлдар менен ургулаганын да көрүүгө болот.

Ошол эле күнү интернетке Чиракчи районунда болгон дагы бир окуянын видеосу жарыяланды. Андан топтолгон адамдар облустук ички иштер башкармалыгынын автобусун токтотуп, жолун тосуп алышканын көрүүгө болот. Видеодо өзүн Шарофиддин Эргашев деп тааныштырган адам милиция кызматкерлери анын автоунаасын сигналы иштебейт деген шылтоо менен айып төлөтүү жайына жеткирип салышканын билдирди.

28-ноябрда Кашкадарыя облусуна барган Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бабажанов аймактагы бир нече аткаминерди иштен алып, 33 кызматкер тартиптик жазага тартылганы кабарланды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аткаминерлер Чиракчи районунда болгон акыркы окуяларга байланыштуу жазаланган.

Расмий булактардын маалыматына ылайык, Бабажанов баштаган ИИМдин жумушчу тобу Кашкадарыя облусунда "аймактагы кылмыштуулукту азайтуу жана бул жааттагы иштерди күчөтүү, ошондой эле укук коргоо органдарына практикалык жардам берүү максатында" жыйын өткөргөн.

"Жыйындын соңунда 33 жетекчи менен кызматкер тартип жазасына тартылып, 14 кызматкер жумуштан алынды", - деп жазды Nasafnews сайты.

Басылманын маалыматына караганда, иштен алынгандардын арасында Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы менен Коомдук тартипти камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси да бар.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиясов кызматтан алуу жана тартип жазасына тартуу чараларынын Чиракчи районундагы окуяларга тиешеси жок экенин билдирди.

"Учурда милиция кызматкерлери жарандарга каршы газ колдонду деген маалымат текшерилип жатат. Укуктук экспертизадан кийин маалымат беребиз", - деди ал.

XS
SM
MD
LG