Ссылки доступа

Алматыда насыяларын кечүүнү талап кылгандар кайрадан акцияга чыкты


30-ноябрда насыя мунапысын талап кылган 60ка жакын киши Каржы базарын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин Алматыдагы имаратынын алдына чогулушту.

Алар акыркы кездери кирешелери азайып кеткендиктен, ипотекасын жана керектөө насыяларын төлөй албай калышканын билдиришти. Айрымдары көп балалуу экенин айтса, башкалары жалгыз бой эне экенин, балдарын жалгыз багып жатышканын айтышты.

Чогулгандардын айтымында, 15-ноябрда алар менен жолуккан агенттиктин Каржы кызматтарынын кардарларынын укуктарын коргоо департаментинин директору Александр Терентьев ар биринин арызын индивидуалдуу кароону убадалап, бул үчүн эки жумалык убакыт сураган.

"Кечээ келсек банктар менен макулдашууга жетишпей калышканын айтып, насыялары кечилген жарандардын тизмеси жарыялана турганын билдиришкен. Бүгүн болсо Терентьев жок экен, полиция кызматкерлери гана турат. Биз Терентьев менен сүйлөшүшүбүз керек", - деди акция катышуучуларынын бири.

Терентьев эки жума мурда "Банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу" мыйзамдын 36-беренесине таянып, банк менен түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, анын ичинде негизги карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууга мүмкүндүк бар экенин айткан.

Казакстандын тарыхында алгачкы жолу 2019-жылы насыя мунапысы ишке ашырылган. Анда бийлик күрөөсүз насыя алган 1,1 миллион жарандын 33 миллиард 620 миллион теңге өлчөмүндөгү пайыздары менен туумдары кечилгенин билдирген.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG