Ссылки доступа

Өзбекстанда жасалма интеллекттин технологияларын колдоонун атайын режими түзүлөт


Өзбекстанда өкмөттүн 29-ноябрдагы токтому менен жасалма интеллекттин технологияларын колдоонун атайын режимин түзүү жана аны ишке киргизүү тартиптери тууралуу жобо бекитилди. Бул тууралуу "Укуктук маалымат" Telegram-каналы кабарлады.

Жобого ылайык, өзгөчө режим IT-парктын өзүнчө бир бөлүгү болуп эсептелет. Анда атайын юридикалык жеңилдиктер түзүлүп, программалык өндүрүмдөр юридикалык жактар жана илимий уюмдар тарабынан иш жүзүндө сыналып, ишке киргизилет.

Өзгөчө режимге катышууну каалагандар IT-парктын атайын веб-платформасы аркылуу арыз бериши керек болот. Арыздар беш иш күндүн ичинде Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү министрлигинде болжолдуу техникалык экспертизадан өтөт. Андан соң министрлик Эксперттик кеңеш менен Координациялык комиссиянын корутундусунун негизинде арыз ээлерин өзгөчө режимдин катышуучусу катары каттоо же каттабоо тууралуу чечим кабыл алат.

Өзгөчө режимдин катышуучуларын окутуу жана кызматкерлерди кайрадан даярдоо үчүн кеткен чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат.

XS
SM
MD
LG