Ссылки доступа

Ташкентте каржы пирамидасын уюштурган чет элдиктер камалды


Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында кардарларына 260% киреше убада кылып. аларды алдап кеткен каржы пирамидасын уюштурган кишилер кармалды.

Өзбекстан ИИМинин Тергөө департаментинин маалыматына караганда, былтыр 15-январда 29 жаштагы украин жараны Ташкентте Golden Cash store компаниясын негиздеген. Ал топ киши менен кутумга барып, Интернет аркылуу компаниядан алтын жана күмүш буюмдарды сатып алган кардарларына жылына 260% киреше убада кылган.

Golden Cash store'дун өкүлдөрү кардарларынан алган акчаны жаңы сатып алуучулардын эсебинен кутулууга аракет жасаган.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө департаменти компаниянын кызмат адамдарына карата "Акчалай каражаттарды жана башка мүлктөрдү алуу үчүн мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк беш кишиге айып тагылып, алар камакка алынды.

Тергөө департаменти ушул тапта жарандар тарткан чыгымдардын көлөмүн аныктоо иши жүрүп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG