Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Рудаки районунун Кампиркаъла айылынын тургуну Нигора Ахмедова экени аныкталды.
"30-ноябрда түштөн кийин Ахмедова Душанбедеги №13 бейтапканага барып, бир келинге баласын карашууга жардам берейин деп өтүнгөн. Келин бир нече мүнөткө кеткен учурда ал абалдан пайдаланып, баланы алып качып кеткен", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 1-декабрь күнү таңкы саат 4:20да Душанбенин четинде кармалган.
Нигора Ахмедовага карата "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.