Ссылки доступа

HRW: талибдер 100дөн ашуун мурдагы ооган күч түзүм кызматкерлерин өлтүргөн


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму талибдер августтун ортосунда бийликти басып алгандан бери Ооганстандын төрт аймагында эле күч түзүмдөрүнүн 100дөн ашуун мурдагы кызматкери өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгонун билдирди. Ооганстан 34 облуска бөлүнгөн.

Шейшембиде чыккан докладда айтылгандай, Газни, Гилменд, Кандагар жана Кундуз провинцияларындагы ишенимдүү булактар 15-августтан 31-октябрга чейин 100дөн көп аскер, полиция кызматкерлери, чалгын кызматынын мүчөлөрү жана өкмөт тарапта согушкан куралдуу кошуундардын жоокерлери жок кылынганын маалымдашты.

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Кабул бийлиги менен иштешкендерге жана мурдагы коопсуздук кызматкерлерине мунапыс берилерин айтып келатканы менен, “жергиликтүү кол башчылар аларды өлтүргөн же дайынсыз жерге алып кеткен учурлар катталууда”, - деп айтты уюмдун Азия боюнча директору Патришия Госсман.

Ал талиб бийлигин андай кылмыштардын алдын алууга, күнөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Уюм “Талибан” кыймылы докладда айтылгандарга жооп кайтарып, кыянаттыкка баргандар иштен алынганын билдиргенин, бирок фактыларды келтирилбегенин айтышты.

Уюмдун маалыматына караганда, талибдер “камакка алып же өлтүрүш керек” деген адамдарды мурдагы өкмөт калтырып кеткен документтер аркылуу аныкташкан.

XS
SM
MD
LG