Ссылки доступа

Алматыда 2022-жылы 8-мартта аялдар жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилген жок


Алматы акимчилиги фем-активисттерге 2022-жылы 8-мартта аялдардын укугу үчүн митинг жана жүрүш өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул маалыматты акциянын уюштуруучулары ырасташты.

"Акимчилик 2022-жылы 8-мартта Ч.Валиханов атындагы аянтта жана Шевченко көчөсүндө эртең мененки саат тогуздан кечки сегизге чейин акимчилик пландаган башка "маданий жана оюн-зоок" иш-чаралар өтө турганын билдиришти. Биз жүрүш өткөрө тургандыбыз тууралуу акимчиликке өтүнмө бергенге чейин алардын бул планы жөнүндө эч жерге жарыяланган эмес", — деп жазылган уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Алардын айтымында, акимчилик аялдардын укуктары үчүн жүрүштүн уюштуруучуларын "сүйлөшүүгө" да чакырышкан.

"Жолугушууда бизге эпидемиялык абалга байланыштуу пландарыбызды кайрадан карап чыгууну сунушташты. Мындан тышкары декабрда шаардык кеңеш "жашоочулардын көптөгөн кайрылуулары боюнча" Алматыдагы жүрүштөрдүн маршруту төрт чакырымдык Шевченко көчөсүнөн 800 метрлик Кунаев көчөсүнө өзгөртүлө турганын айтышты", — деп билдиришти фем-активисттер.

Алардын айтымында, бийлик уюштуруучуларды жүрүш өткөрүү тууралуу өтүнмөлөрүн чакыртып алууга да чакырышкан. Бирок алар аялдардын укуктары үчүн жүрүштү быйыл 12-декабрда уюштуруу өтүнүчү жазылган билдирүү беришкенин айтышты.

"Акимчилик өзүнүн иш-чаралары үчүн биздин көчөлөр менен сейил бактарды тартып ала албайт. Ансыз деле шаар толугу менен акимчиликтин карамагында турат. Тынч жыйындарды өткөрүү — бул бийлик уюштурган маданий жана оюн-зоок иш-чаралар эмес, жарандардын чогулушу. Биз 8-мартта митинг жана жүрүш өткөрүү укугубуз үчүн күрөшөбүз", — деп билдиришти уюштуруучулар.

Бул маселе боюнча Алматы акимчилигинин өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Быйыл 8-мартта Алматы шаарында жүздөгөн аял гендердик тең укуктуулук үчүн жүрүшкө чыгышкан. Акимчилик февраль айында "КазФем", "Феминита", "Фемагора", "Фемсреда" феминисттик топторуна жана "Свет" коомдун фондуна "Ар бир аял маанилүү" жана "Феминизм Казакстанды сактайт" деген ураандар менен аялдар жүрүшүн жана митинг өткөрүүгө уруксат бергени белгилүү болгон.

Бул жүрүш социалдык түйүндөрдүн казакстандык колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Үй-бүлөдөгү зомбулук, аялдардын тең укуктуулугу жана ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүн басмырлоодон коргоону максат кылган жүрүшкө колдонуучулардын көбү терс пикирлерин жазып, бул өлкөнүн "улуттук баалуулуктарына" каршы келе турганын билдиришкен.

Быйыл майдын аягында Чымкент шаарында "Феминита" кыймылынын негиздөөчүлөрү Гүлзада Сержан менен Жанар Секербаевага кол салуу болуп, алар уюштурган лесбияндар, бисексуалдар жана трансгендерлердин укуктары тууралуу жолугушуулары үзгүлтүккө учураган. Июлда агрессивдүү маанайдагы топ адамдар Караганда шаарында да Гүлзада Сержан менен Жанар Секербаеванын ушундай эле жолугушуусун үзгүлтүккө учуратышкан.

Видео

Видео

Жагымдуу жылмайган Ameca роботу
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
XS
SM
MD
LG