Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда өлтүрүлгөн жигиттин апасы тажик президенти менен жолугууга аракет жасайт


Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рошткалин районунда күч түзүм кызматкерлеринин атайын операциясы учурунда өлтүрүлгөн Гүлбиддин Зиёбековдун апасы Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугууга аракет жасайт. 

29 жаштагы Зиёбековдун өлүмү катуу нааразылык жаратып, Хорогддо миңдеген кишилер аны өлтүргөндөрдү таап, жазалоону талап кылышкан.

Гүлбиддиндин апасы Певистамо Абдулмуминова 1-декабрда “Озоди” радиосуна Тоолуу Бадахшан облусунун жетекчилери анын арызын карбай коюшканын, буга байланыштуу ал тажик президенти менен жолугууга аракет жасай турганын айтты.

25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиебеков жок кылынган. Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктаган. Көзөмөл орган тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына мыйзамсыз алып жүргөн Макаров тапанчасынан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылган.

Певистамо Абдулмуминова уулунун эч качан ок атуучу куралы болбогонун билдирди.

“Ал армияда кызмат өтөгөн эмес, пистолеттен кантип атат – билген эмес. Менин уулум өмүрүндө такыр чеккен эмес, эч кимге зыян келтирген эмес”, - деди Абдулмуминова.

28-ноябрда Тажикстандын Хорог шаарында 4 күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясы токтоп, чогулгандар тараган. Коомдук тартип тажик бийлиги менен жарандык коом өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин калыбына келтирилген. Мекеме аралык штаб Хорогдо коомдук транспорт, соода түйүндөрү, калкты тейлөө борборлору иштеп жатканын кабарлаган.

Видео

Видео

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
XS
SM
MD
LG