Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Мухаммедюсуф Исмоиловдун жаза мөөнөтү үч айга кыскартылды


Мунапыс жөнүндө кабыл алынган мыйзамга ылайык, журналист Мухаммедюсуф Исмоиловдун жаза мөөнөтү 3 ай жана 18 күнгө кыскартылды.

Бул тууралуу Согди облустук Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы билдирди. Исмоилов 2022-жылы апрелде эркиндикке чыгары күтүлүүдө.

Журналист "опузалоо" жана "алдамчылык" айыбы менен 2013-жылы октябрда 10,5 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылдагы мунапыс мыйзамына ылайык, жазасы 1 жыл жана 4 айга кыскартылган.

Исмоилов Согди облусундагы аткаминерлердин айыбын ачып, сын көз караштагы макалаларды жазганы үчүн жергиликтүү бийлик аны өч алуу максатында каматканын билдирген.

Журналисттин адвокаты Мухаббат Жураева Исмоиловдун оорусу жана майыптыгы, келтирилген чыгымды өндүрүп бергени эске алынып, аны жатак абакка которушса болмок деп эсептейт.

2019-жылы кеңсеси Прагада жайгашка көз карандысыз "Бомдод" веб-сайтынын негиздөөчүсү Мирзо Салимпур журналист үчүн 5 миң сомони төлөп, Исмоиловду жатак абакка которууну сураган. Бирок бийлик өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Мухаммедюсуф Исмоилов Хоженттеги №3 колонияда жазасын өтөөдө. Ал 63 жашта жана экинчи топтогу майып.

XS
SM
MD
LG