Ссылки доступа

Талибан Навоинин, Бабурдун, Берунинин жана Машрабдын күмбөздөрүн көрктөндүрүү менен алектенет


Талибан өкмөтү ооган-өзбек элинин ата-бабалары эсептелген Алишер Навоинин (Герат), Захриддин Бабурдун (Кабул), Абу Райхан Берунинин (Газна) жана Бабурахим Машрабдын (Тахор) күмбөздөрүн көрктөндүрүү боюнча Өзбекстан менен иштешүүгө даяр.

Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, талибдер бул тууралуу өзбек президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев баштаган делегация менен 30-ноябрда Кабулда жолукканда билдиришкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы азыркы кырдаалды, ооган ээлине гуманитардык жардам берүү, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Талибдер Ооганстанга үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү боюнча Өзбекстан кабыл алган чараларга, Мазари-Шарифтеги эл аралык аэропорттун ишин калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам берүү боюнча аракеттерине жогорку баасын беришти. Мындан тышкары Талибандын өкүлдөрү "Сурхан-Пули-Хумри" электр линиясын жана "Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар" темир жолун куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин айтып, Ооганстандагы окуу жайларда өзбек тилинин окутулушуна өзгөчө көңүл бурууну убадалашты.

XS
SM
MD
LG