Ссылки доступа

Ташиев Текебаевге кол салуу боюнча пикирин айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча "Медиа-центр" сайтына пикирин билдирди.

Ал кылмышкер табылганын жана жазасын ала турганын айткан. Ошондой эле саясатчыга кол салуу болбогонун, кимдир бөрөөлөр урушуп кеткенин билдирген.

"Текебаевге кол салынган эмес, аны менен кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Ал жерде атайын келип кол салып, кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Азыр Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир киши кармалды, бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат. Биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек", - деди Ташиев.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Муну ал "саясий террор" деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган. Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмү иликтөө иштерин баштаган.

2-декабрга караган түнү шектүүлөрдүн бири кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганы милициянын маалыматында айтылды.

Президент Садыр Жапаров окуяны тыкыр иликтөөнү жана чара көрүүнү Ички иштер министрлигине тапшырган. Текебаевге кол салуунун артында "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет турат" деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке какты.

Саясатчылар Текебаевге кол салуу өлкө жетекчилерине аброй алып келбейт деп, сындап жатышат.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG