Сынакка катышуу үчүн шаарда мыйзам бузуу же кылмыш жасалган учурду сүрөткө же видеого тартып, Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгына WhatsApp, Viber же Telegram мессенжерлери аркылуу кабар жөнөтүү керек. Сыйлык тапшырууда оор же өтө оор кылмышты белгилегендерге артыкчылык берилет. Ошол эле маалда эң көп видеоролик же сүрөт жөнөткөндөр да жеңүүчү болуп калышы мүмкүн.
Биринчи орунга 440, экинчи орунга 265, үчүнчү орунга 176 доллар берилет.
Сынакка жөнөтүлгөн материалдардын баарын атайын комиссия карап чыгат.
Сынактын жыйынтыгы 25-декабрда чыгарылат. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктан тышкары Жаңы жылга карата белек да алышат.