Ссылки доступа

Казакстан ӨКМи жаңы кырсыктардын алдын алуу үчүн шахталардын биринин ишин токтотууну талап кылууда


Казакстан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өнөр-жай коопсуздугу комитетинин Караганды облустук департаменти Кузембаев атындагы шахтанын ишин токтотууну талап кылууда.

Бул "АрселорМитталТемиртау" компаниясына таандык аймактагы сегиз шахтанын бири болуп эсептелет. Буга чейин алардын бири — "Абай" шахтасында кырсык болуп, алты киши каза болгон.

"АрселорМитталТемиртау" компаниясынын Саран шаарындагы шахтасынын ишин токтотуу тууралуу доо арыз бүгүн Карагандадагы райондор аралык экономикалык сотто каралууда.

Доочу өз талабын шахтада жумушчулардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген эреже бузуулар бар экени менен түшүндүрүүдө.

"Биз эмнеге анын ишин токтотууну талап кылып жатабыз? Анткени азыр иштеп жаткан жабдуулары авариялык абалда, алар өнөр жай коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Мындан тышкары башка майда кемчиликтери да бар. Мунун баары кырсыкка алып келиши мүмкүн", — деди сотто департаменттин өкүлү.

Анын айтымында, бул кемчиликтер атайын текшерүү учурунда аныкталып, компанияга убакыт берилгенине карабастан алар жоюлган эмес.

Өз кезегинде "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын өкүлү кемчиликтерди жоюуга көбүрөөк убакыт талап кылынарын айтып, берилген мөөнөттү узартууну өтүндү. Мындан тышкары жакынкы күндөрү департаментке кемчиликтерди жоюу боюнча буга чейин аткарылган иштер тууралуу документтерди берүүнү убадалады.

Сот доогерге кемчиликтердин жоюлганы боюнча шахтада текшерүү жүргүзүүгө уруксат берип, аны жыйынтыктарын кийинки отурумга алып келүүгө милдеттендирди. Кийинки отурум 14-декабрга белгиленди.

7-ноябрда Караганда облусунун Абай шаарындагы "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык шахтада кырсык болуп, алты кенчи каза болгон. Анда Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин өкмөт жыйынында сүйлөп, мекеме буга чейин "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык ишканаларда коопсуздук талаптары аткарылбай жатканы боюнча көптөгөн эреже бузууларды аныктаганын, бирок соттор алардын шахталарды жабуу өтүнүчүн четке кагып, айып пул төлөтүү менен гана чектелип келишкенин айткан.

"Арселор Миттал Темиртау" компаниясы Караганды облусундагы бир нече шахтага жана Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинатка ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG