Ссылки доступа

Казакстанда камактагы миңге жакын киши мунапыс менен эркиндикке чыгат (видео)


Казакстан парламентинин жогорку палатасы 2-декабрда "Эгемендиктин 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам күчүнө кирсе өлкөдөгү абак жайларындагы миңге жакын киши эркиндикке чыгат.

Ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Сенатта документ күчүнө киргенден кийин майда жана орточо зыян алып келген кылмыштарды жасаган миңге жакын киши абактан бошотула турганын билдирди.

"Мыйзам долбоору майда кылмыштар үчүн жазаны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартууга багытталган. Өзгөчө көңүл жарандардын социалдык жактан аялуу катмарына – ардагерлерге, жашы жете электерге, улгайган жарандарга, I-II топтогу майыптарга, жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурбаган башка адамдарга бурулууда", - деди Тургумбаев.

Буга чейин министр абактагы 2 236 адамга мунапыс берилип, 11 310 адам пробация көзөмөлүнө алынып, сотко жетпей калган 5 миңге жакын кылмыш иши жабылып, 1 674 адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, аларга жазаны кыскартуу боюнча жобо колдонуларын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда 34 миң адам жаза аткаруу тутумунун 64 түзөтүү колониясында жана 16 тергөө абагында камакта отурат. 30 миң адамга өкүм чыгарылып, калгандары камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча алардын 93% оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаса, 45% жакыны мурда сот жообуна тартылгандар.

Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG