Ссылки доступа

ДССУ Түркмөнстанды "COVID-19ду аныктоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө" чакырды


 Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) саламаттык сактоо системаларынын даярдыгын жогорулатуу боюнча миссиясы Түркмөнстандагы ишин аяктап, бул өлкөнүн бийлигин "COVID-19ду аныктоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө" чакырды.

"Коронавирус катталган учурлар тууралуу өз убагында кабарлоо өтө маанилүү. Анткени бул байланышта болгон адамдарды издөө, карантинге алуу, аларга кам көрүү, ишти туура башкарууну камсыз кылуу жана чараларды эпидемиологиялык кырдаалга ылайыкташтыруу сыяктуу жооп кайтаруунун кошумча жолдорун колдонууга мүмкүндүк берет", - деди миссияны жетектеген ДССУнун Европадагы өзгөчө абалдар боюнча аймактык директору Дорит Ницан.

Ноябрдын башында ДССУнун өкүлдөрү Түркмөнстанда коронавирус жуктургандар жок экени тууралуу өлкө бийлигинин билдирүүлөрүнөн күмөн санап жатканын билдиришкен.

"COVID-19 дээрлик эки жылдан бери пандемия катары дүйнөнүн бардык аймактарына жайылып жатат. Илимий жактан алганда, Түркмөнстанда вирус жоктугунун ыктымалдуулугу төмөн", - деген ДССУнун өзгөчө абалдар боюнча өкүлү Кэтрин Смоллвуд.

Түркмөнстандын бийлиги дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келет.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы буга чейин медицина кызматкерлерине шилтеме кылып, өлкөдө коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көп болуп жатканын бир нече жолу кабарлаган.

Түркмөнстандын өкмөтү азырынча ДССУ миссиясынын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жакындагы өкмөттүн жыйынында ДССУ "Түркмөнстандын саламаттык сактоо тармагындагы масштабдуу иштерине жана ийгиликтерине жогорку баасын бергенин" билдирген.

Ал ортодо "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кырдаал менен жакындан тааныш булагы өлкө бийлиги коронавирустун омикрон деп аталган жаңы штаммынан кооптонуп, кезектеги толкундун алдын алуу үчүн чектөө чараларын күчөтүү маселесин карап жатканын билдирди.

"Бийлик вирустун төртүнчү толкунун болтурбоого аракет кылып, чектөө чараларын күчөтүү маселесин караштырып жатат. Коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүк топ аба байланыштары менен чек ара бекеттеринин иш тартибин уюштуруу боюнча план иштеп чыгууда. Өткөндө вирустун дельта штаммы чоң зыян алып келгендиктен, Ашхабад омрикон штаммы жайылып, адамдардын өлүү жана материалдык чыгымдардын болуу ыктымалдыгынан кооптонуп жатат", - деди булак.

XS
SM
MD
LG