Ссылки доступа

Токаевдин жакындарынын Москвадагы кымбат баалуу мүлктөрү тууралуу маалыматтар жашырылган


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин үй-бүлөсүнүн Москвадагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалыматтар Росреестрден (Кыймылсыз мүлктөрдүн ээлери жөнүндөгү маалыматтардын бирдиктүү базасы) өчүрүлгөн. Бул тууралуу орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын командасы билдирди.

Команда 2-декабрда жарыялаган иликтөөдө казак президентинин уулу Тимур Токаев менен анын мурдагы жубайы Надежда Токаеванын Москвадагы батирлери тууралуу маалыматтар орусиялык аткаминерлер жана атайын кызмат өкүлдөрүнүн кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалыматтар менен бирге жашырылганы айтылган.

Иликтөөдө менчик ээлеринин реестринен алынган документтин көчүрмөсү көрсөтүлгөн. Анда Хамовники районундагы 196 чарчы метрлик батир Казакстан президентинин 37 жаштагы уулу Тимур Токаевге таандык экени белгиленген. Ага бул батир 2010-жылы катталган. Мындан тышкары иликтөөдөгү документтерге ылайык, Надежда Давыдовна Токаева 2000-жылдан бери Москванын Мещанск районундагы 167 чарчы метрлик батирге ээлик кылат.

Азырынча Росреестр Токаевдердин мүлкү тууралуу маалыматтарды качан жана эмне себептен өчүргөнү белгисиз.

Казакстан парламентинин сенатынын мурдагы спикери Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы — өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев ыйгарым укуктарын тапшырганын жарыялагандан кийин президент болгон. Кийинчерээк Токаев бул "транзиттин" сценарийи бир нече жыл талкууланганын, Назарбаев аны мураскер катары саясатка "көчөдөн келбеген киши болгондуктан" тандаганын билдирген.

68 жаштагы Токаев Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн кадрдык дипломат. Түрдүү жылдары премьер-министр, тышкы иштер министри, Женевада БУУнун баш катчысынын орун басары жана БУУ бөлүмүнүн башкы директору кызматтарында иштеген.

Токаевдин жеке жана үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу маалыматтар аз. 2019-жылы 20-мартта ал президент болору менен казак басылмалары Токаев үй-бүлөлүү жана эки баласы бар экенин жазып чыгышкан. 28-мартта президенттин расмий сайты Токаевдин өмүр баянын жарыялап, анда жаңы мамлекет башчысы жубайы менен "ажырашканы" жазылган.

XS
SM
MD
LG