Ссылки доступа

Тажикстанда ислам партиясынын соттолгон мүчөсүнүн кызы экстремизмге айыпталууда


Нилуфар Ражабова. Архив сүрөт
Нилуфар Ражабова. Архив сүрөт

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Рахматулло Ражабдын кызы Нилуфар Ражабова экстремизмге айыпталууда.

Маалыматка караганда, Ражабовага "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык кылуу жана ЖМК же интернет аркылуу экстремизмди актоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал күнөөлүү деп табылса беш жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Жергиликтүү бийлик кылмыш иши козголгону тууралуу Душанбедеги туугандарыма кабарлашыптыр", — деди өлкө сыртында жашап жүргөн Нилуфар Ражабов. Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери анын жакындарына кылмыш иши ал оппозициялык сайттын журналисттерине интервью бергенден кийин козголгонун билдиришкен.

Нилуфар Ражабова 18-ноябрда тажик оппозициясына таандык "Паём.нет" сайтына интервью берип, атасы Рахматулло Ражаб менен "Ислам кайра жаралуу партиясынын" дагы бир активисти Зубайдуллохи Розик эмне себептен абактын айып жайына камалганы жөнүндө айтып берген.

"Маекте мен түрмө кызматкерлеринин бул аракети мыйзамсыз экенин айткам", — деди Ражабова.

Буга чейин аталган соттолуучулардын жакындары алар президент Эмомали Рахмонго кат жазганы үчүн жазаланышканын билдиришкен.

Тажик бийлиги 2015-жылдын сентябрында "Ислам кайра жаралуу партиясынын" жетекчилигин өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын аскердик төңкөрүш жасоо аракетине тиешеси бар деп айыптаган. Андан соң партиянын жетекчилик курамындагы бардык мүчөлөрү камакка алынып, партия өзү террордук уюм деп табылган. Тажик бийлиги 2018-жылы Европадагы өлкөлөрдүн биринде түзүлгөн "Тажикстандын улуттук альянсына" да тыюу салган. Бул альянска төрт оппозициялык топ кирет – "Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы", "Тажикстандын эркин ой жүгүртүүчүлөрүнүн конгресси", "Реформа жана Тажикстандын өнүгүүсү" жана "Борбор Азия мигранттарынын конгресси". "Тажикстандык улуттук альянсы менен "Ислам кайра жаралуу партиясы" терроризмге тиешеси бар экени тууралуу тажик бийлигинин айыптоолорун четке кагып келишет.

Нилуфар Ражабованын атасы, "Ислам кайра жаралуу партиясынын" мурдагы мүчөсү Раҳматулло Ражаб 2015-жылы кармалып, 28 жылга соттолгон. Акыркы айларда ал өкүм мыйзамсыз экенин айтып, бир нече жолу аны кайра карап чыгууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG