Ссылки доступа

Садыр Жапаров Текебаевди сабагандарга бийликтин тиешеси жок экенин айтты


Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына курган маегинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу тууралуу суроого да жооп берди.

Өлкө башчы шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) ызы-чуу басылбай жатканда ага бул окуянын кереги жок экенин айтып, "саясатчыга кол салуунун артында бийлик турат" деген сөздөрдү четке какты.

"Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. "Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, "сен тажаттың" деп митингден кубалаганы келген элек" деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат "Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?" деп ойлодук эле. Текебаев болсо "бийликтин заказы" деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам "митингден кубалайбыз" деп келишкен тентектер болуп чыкты", - деген президент.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып, уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Милиция шектүү өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин "Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо" беренеси менен иликтенип жатат.

Текебаев өзү бул окуяны "саясий террор" деп, ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды. "Ата Мекен" партиясы лидерине болгон кол салууну саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевге кол салуу болбогонун, ал кимдир бөрөөлөр менен урушуп кеткенин айткан.

XS
SM
MD
LG