Ссылки доступа

BYPOL: Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 миллион долларлык пара беришкен


“Беларустун күч кызматкерлеринин биримдиги - BYPOL” деп аталган YouTube каналында беларус президенти Александр Лукашенкого пара бергендер тууралуу иликтөө жарыяланып, арасында Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү тууралуу да айтылды.

3-декабрда жарыяланган жарым сааттык видео-иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаева Лукашенкого пара бергендердин тизмесинде экинчи орунда турат.

Иликтөөдө айтылгандай, мекенинде күтүп жаткан сот жообунан калкалап, жаап-жашыруу жана Бишкектин экстрадиция тууралуу талабын расмий түрдө четке кагуу үчүн Лукашенкого кымбат автомашина жана мотоцикл Айжан Кененбаева аркылуу берилген.

Автомотокаражаттарды жана учактарды коллекциялоону жакшы көргөн Лукашенкого Кененбаева аркылуу 1,4 миллион евролук Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard машинасы жана 26,5 миң долларлык Harley-Davidson мотоцикли тартууланганы, мындан башка да белектер берилген болушу ыктымалдыгы айтылды.

BYPOL 2020-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Анын курамына, негиздөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Беларуста мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүүгө умтулган күч кызматкерлери кирген. Быйыл ноябрь айында беларус бийлиги бул уюмду «экстремисттик түзүлүш» деп жарыялап, мүчөлөрүнө каршы тергөө баштады.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG