Дүйнөлүк экономикада пайда болгон кыйынчылыктардын өлкө экономикасына таасирин азайтуу жана улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо жөнүндө токтомдун долбоору 3-декабрда өкмөттүн кеңири жыйынында тааныштырылган. Президент Бердымухамедов ага дароо кол койгон.
Расмий маалыматтарда муну “антикризисттик программа” деп аташууда. Беш жылдан ашуун өлкө жарандары экономикалык оор каатчылыкты башынан өткөрүп келе жатканы менен президент Бердымухамедов жана анын өкмөтү бул терминди биринчи жолу колдонууда.