Ссылки доступа

Казакстан Коргоо министрлиги каршылык акцияларында колдонула турган каражаттардын тизмесин жарыялады


Казакстан Коргоо министринин аскердик полициясынын башкы башкармалыгы “Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдалана турган атайын каражаттардын тизмесин бекитүү тууралуу” буйруктун долбоорун жарыялады.

Ал 21-декабрга чейин коомдук талкууда болот.

Атайын каражаттардын тимеси 15 пункттан турат. Аларга соккуга каршы калкан, меттал кол кишендер, көздөн жаш агызуучу баллондор, атайын союл, коргоо калкандарынын жыйнагы, өлүмгө алып келбей турган куралдар, коргоочу туулгалар, ар түрдүү деңгээлдеги зооттолгон тондор, жарык-үндүү гранаталар, транспорт каражаттарын күч менен токтото турган жабдуулар, үй-жайларды ачууга арналган жабдуулар, электрошокерлер, үн күчөткүч каражаттар, кызматтык иттер, узак аралыктан иштеген акустикалык түзүмдөр кирет.

Коргоо министрлиги билдиргендей, "документте аскер кызматкерлеринин катышуусунда өткөн ар түрдүү иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук тартипти сактоого тартылган аскердик полиция бөлүмдөрү камсыздала турган атайын каражаттардын тизмеси көрсөтүлгөн".

Министрлик кеп аскердик параддар, KADEX эл аралык көргөзмөсү, аскердик техникаларды жана ок-дарыларды ташууга арналган иш-чаралар жөнүндө болуп жатканын белгилеген.

Ошол эле маалда үн күчөткүч түзүлүштөрдү, жарык-үндүү гранаталарды, транспорттук каражаттарды күч менен токтото турган жабдууларды бийлик негизинен митингдерди жана жапырт нааразылыктарды басууда колдонот.

Видео

Видео

Элмирбексиз эки жыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:13:19 0:00
XS
SM
MD
LG