Ссылки доступа

Москвада ишкерлерге кол салууга айыпталган сегиз тажикстандык соттолду


Москвада жергиликтүү ишкерге куралдуу кол салуу айыбы менен тажикстандык сегиз жаран 8,5 жылдан 16 жылга чейин соттолду.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Москва облустук прокуратурасына шилтеме берүү менен билдирди. Тажикстандыктар жазасын катаал режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Билдирүүдө сот кылмыш иштин алты катышуучусу куралдуу банданын мүчөсү болгонун аныктаганы, алар Москва жана Подмосковье аймагында ишкерлердин жеке үй ээлигине каракчылык менен кол салганы айтылган. Кол салуу учурунда ок атуучу, газ жана травматикалык куралдар пайдаланылган. Жабырлануучулардын акчасын, баалуу мүлктөрүн жана ок атуучу куралдарын тартып алышкан. Жалпы зыяндын көлөмү 11,5 млн рублди түзгөн.

Орусияда өтө оор кылмыш үчүн кармалган көптөгөн тажикстандыктар аларга жасалма иш козголгонун, сурак учурунда кыйноого кабылышканын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG