Ссылки доступа

Азербайжан армениялык он жоокерди бошотту 


Азербайжан ноябрдагы кагылышуу учурунда туткундалган армениялык он жоокерди кое берди. Ереван Бакуга былтыр Азербайжандын көзөмөлүнө өткөн Тоолуу Карабактагы райондордо жана анын айланасында мина коюлган жерлердин картасын берди.

Азербайжандын коопсуздук кызматы буга орус Коргоо министрлигинин арачылыгы менен жетишилгенин билдирди. 16-ноябрда азери-армян чек арасында былтыркы куралдуу жаңжалдан бери ири кагылышуу тутанган. Баку жети жоокери каза тапканын, Ереван алты жоокерин жоготконун, 30 чактысы туткундалган болушу мүмкүн экенин билдирген.

Буга чейин да Азербайжан армян аскерлерин карталарга айырбаштаган. Расмий маалыматка караганда, былтыр Тоолуу Карабактагы кайтарылган аймактарда 20дан ашуун аскер жана карапайым адам минага кабылып каза тапкан.

Түштүк Кавказдагы эки коңшунун мамилеси былтыр күзүндө болгон 44 күндүк согуштан бери чыңалган бойдон калууда. Тоолуу Карабак анклавынын айынан тутанган куралдуу жаңжалда кеминде алты жарым миң киши каза болгон. Согуш Москванын ортомчулугу менен тараптар келишим түзгөндөн кийин токтогон. Документке ылайык, Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын бир топ бөлүгүн өз көзөмөлүнө кайтарып алган. Орусиянын бейпилдик күчтөрү анклавга жана эки өлкөнү байланыштырган Лачин коридоруна жайгаштырылган.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныганы менен, ал жерди 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген.

XS
SM
MD
LG