"Быйылкы жылдын 11 айында 1576 коррупциялык кылмыш катталып, 1280 киши жемкорлук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Алардын арасында республикалык жана аймактык деңгээлдеги 159 кызмат адамы бар. Бул аралыкты бюджетке жалпысынан 20 миллиард теңгеден ашык каражат кайтарылды", — деп жазылган баяндамада.
Акордонун сайтындагы маалыматта президент "коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын колдогону" белгиленген. Ошол эле маалда кеп кайсы "жаңы ыкмалар" тууралуу болуп жатканы жазылган эмес.
Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун быйыл январда жарыяланган рейтингинде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 94-орунга жайгашкан.