Ссылки доступа

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр баасын арзандаткан жарлык чыкты


Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 2022-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясына 50 тыйындан төлөйт. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка 6-декабрда кол койгону расмий кабарланды.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, эгерде керектөө 700 кВт/саттан ашса 2,16 сомдон төлөнө баштайт.

Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон 110 518 кожолукка электр жарыгынын баасын 50 тыйынга түшүрүү тапшырмасын берген. Калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт. Бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес.

Улуттук статистика комитетинин жана БУУнун Азык-түлүк программасынын изилдөөсүндө, Кыргызстанда жакыр жана жакырчылыктын чегинде жашаган калктын саны 2,2 млн. экени айтылган.

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.

Ал эми калк 700 кВт/саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин белгиленген.

XS
SM
MD
LG