Ссылки доступа

Тажикстанда көчөдө тийишкен кишини кемсинткени үчүн блогер кызга айып пул салынды


Душанбеде көчөдө тийишкен кишини кемсинткени үчүн 25 жаштагы блогер Манижа Назаровага 420 сомони (37,2 доллар) өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 3-декабрда Душанбе шаарында болгон. Назарованын айтымында, ал жол чырактан өтүп баратканда бейтааныш киши аны колунан кармаган. "Эмне кылып жатасың деп сурасам мени сөгүп салды. Мен бул учурду видеого тартып, эмоция менен ага бир нече жаман сөздөрдү айткам. Шаардык ички иштер башкармалыгынан ал сөздөрүмдү кемсинтүү деп таап, мага айып пул салып, сүрөтүмдү мекеменин сайтына чыгарышыптыр", - деди ал.

Блогер кыздын айтымында, ал чакырылган ички иштер башкармалыгында айып пул тууралуу сөз болгон эмес. Ага тийишкен киши "бузуку аракети үчүн" беш суткага камакка алынган.

Манижа Назарова Ички иштер министрлигинин Душанбе шаардык башкармалыгын сотко берүүгө ниеттенүүдө. Анын айтымында, милиция кызматкерлери аны сүрөткө тартып алып, аны эч жерге жарыялабоону убадалашкан. Бирок кийин ал сүрөт ИИМдин сайтындагы айып пул тууралуу билдирүүнүн алдына чыгарылган.

"Бир айдан кийин турмушка чыкмакмын. Болочоктогу күйөөмдүн үй-бүлөсү ал сүрөтүмдү көрдү. Адам милициянын сайтындагы сүрөттү көргөндө дароо эле кылмыш кылган го деп ойлойт эмеспи. Көпчүлүгү маалыматты аягына чейин окубайт, алардын сүрөттү көргөнү эле жетиштүү болот. Эми биздин үйлөнүү тоюбуз болбой да калышы мүмкүн", – деди ал.

Манижа Назарова Душанбедеги сулуулук салондордун биринде иштейт. Инстаграмда анын 48 миңден ашык катталуучусу бар.

XS
SM
MD
LG